Филармонияда академиялык эл аспаптар оркестринин концерти болот

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген аялдар. Архив
Улуттук кийим кийген аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концерттик иш-чара Тарых жана маданият жылы менен филармониянын 80 жылдыгына карата өткөнү жатат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин чоң концерттик программасы 3-майда тартууланат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине филармониянын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Улан Зайнидинов билдирди.

Концерттик иш-чара Тарых жана маданият жылы менен филармониянын 80 жылдыгына карата өткөнү жатат.

"Анда дүйнөлүк классикага айланган Моцарт менен Чайковскийдин чыгармалары жана кыргыз композиторлорунун ыр-күүлөрү жаңырат", — деп билдирет Зайнидинов. 

Концерт саат 18.30да башталат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0