Салижан Жигитовдун 80 жылдыгын окумуштуулар белгилейт

© Жылдызбек ТурсунбаевБелгилүү адабиятчы, сынчы, акын, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитов. Архив
Белгилүү адабиятчы, сынчы, акын, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал мугалим, илимий кызматкерликтен тарта президенттин кеңешчисине чейинки кызматты аркалаган. Жигитов күчтүү адабий сынчы болгон.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Белгилүү адабиятчы, сынчы, акын, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитовдун 80 жылдык мааракесине карата илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы билдирди.

Акын, жазуучу, окумуштуу, публицист, коомдук ишмер Салижан Жигитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шуулдаба, шуулдаган теректерим… же Жигиттин уулу жетишпей турганда
Эскертсе кетсек, Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында төрөлгөн. Ал мугалим, илимий кызматкерликтен тарта президенттин кеңешчисине чейинки кызматты аркалаган.

Анын филология илимдеринин доктору, профессор илимий наамдары бар.

Андан сырткары, кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы көп томдуу улуттук-универсал энциклопедияны чыгарууга, энциклопедиялык стилдин калыптанышына зор эмгек сиңирген. Өткөн мезгилдеги өлкөнүн коомдук саясий турмушунун орчун маселелери жөнүндө макалаларды, ошону менен катар адабият тарыхын жаңыча талдап түшүнүүгө арналган бир нече эмгек жазган.

Белгилүү коомдук ишмер 2006-жылы 11-февралда Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0