Энелер күнүнө карата Бишкекте сүрөт көргөзмөсү өтөт

Жазылуу
Көргөзмөгө эмгеги сиңген атактуу чыгармачыл адамдар менен кошо живопись, графика, скульптура, кол өнөрчүлүк боюнча эмгектенген жаш муундун өкүлдөрү, көркөм окуу жайлардын студенттери катыша алат.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 12-майында Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде Энелер күнүнө карата "Эне — ааламдын руху" аталышындагы III сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, көргөзмөгө эмгеги сиңген атактуу чыгармачыл адамдар менен кошо живопись, графика, скульптура, кол өнөрчүлүк боюнча эмгектенген жаш муундардын өкүлдөрү, көркөм окуу жайлардын студенттери да катыша алат. 

"Алардын эмгектери эне-баланын ортосундагы сүйүү сезими, муундан муунга өткөн ыйык жана ысык мамилелер, аруулукту чагылдырган чыгармаларды чагылдыруусу кажет", — деп айтылат маалыматта. 

Көргөзмөгө катышууну каалагандар 10-апрелге чейин өзүнүн каттоодон өтүшү керек.

Иш-чара 12-майда саат 15.00дө башталат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0