Бишкектиктерге хор музыкасы тартууланат

Жазылуу
Концерттин негизги максаты классикалык хор музыкасын жайылтуу болуп эсептелет.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Калый Молдобасанов атындагы Мамлекеттик консерваториясында бүгүн хор музыкалык концерти өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Концерттик иш-чара Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлөт. 

"Анда Кыргыз улуттук консерваториясынын аралаш хору менен Күрөңкеев атындагы мамлекеттик музыкалык орто кесиптик окуу жайы катышат", — деп айтылат маалыматта.

Хор музыкалык концерти саат 18.00дө башталат. Анын негизги максаты классикалык хор музыкасын жайылтуу болуп эсептелет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0