Кыргызстандык өспүрүм Россиядагы "Балдар жаңы толкуну" конкурсунун финалына өттү

Жазылуу
Вероника менен бирге 200 катышуучунун ичинен дагы 16 катышуучу финалга өттү.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстандык Вероника Инкико Россиядагы "Балдар жаңы толкуну —2016" музыкалык конкурсунун жарым финалына өттү. Бул тууралуу маалымат конкурстун расмий сайтына жарыяланды. 

Жалпы 200дөн ашык катышуучу болсо, алардын 16сы гана жарым финалга өткөн. Кыргызстандык Инкико 12 жашта.

Конкурска эки бөлөк курактагы өспүрүмдөр катышкан. Тагыраагы, 8-12 жана 13-15 жаштагы балдар таланттарын тартуулашты.

"Балдар жаңы толкуну—2016" конкурсуна тандоо 18-апрелде Москва шаарында өткөн. Финал сентябрь айында Сочиде өткөрүлүүсү пландалып жатат.

Буга чейин аталган музыкалык конкурстун финалына кыргызстандык Нурсултан Азыкбаевдин өткөндүгү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0