Нурсултан Азыкбаев "Жаңы толкун" сынагынын финалына өттү

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүСочидеги "Новая Волна" фестивалы. Архив
Сочидеги Новая Волна фестивалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финалга өтүү үчүн болгон жарышта 600 ырчы катышып, ийгилик анын 16сынын тарабында болду.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Белгилүү музыкант Курмангазы Азыкбаевдин уулу Нурсултан Азыкбаев "Жаңы толкун-2016" ("Новая волна-2016") сынагынын финалына өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ырчынын бир тууган эжеси Нурайым Азыкбаева билдирди. 

"Жаңы толкун-2016" сынагынын жарым финалдык туру Сочи шаарында дүйшөмбү күнү болуп, ага 600 конкурсант катышкын. Ал эми финалга 16 гана ырчы тандалды. 

"Менин иним түн оокумда сынактын финалына өткөндүгү тууралуу смс жазды. Анын катышып жаткандыгын буга чейин билген эмеспиз", — дейт Азыкбаева. 

Нурсултан Азыкбаев аталган сынакка экинчи ирет катышып жатат. 

Эл аралык "Жаңы толкун" сынагында жаш ырчылар музыка жаатында күч сынашат. Буга чейин конкурс Юрмалада болуп келсе, 2015-жылдан тартып Сочиде өтүүдө. Сынактын финалы 3-9-сентябрь күндөрүнө белгиленген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0