"Саякбай манасчы" тасмасы үчүн славян түспөлүндөгү кыздарга кастинг жарыяланды

© Sputnik / Нургуль МаксутоваСаякбай Каралаевдин эстелиги. Архив
Саякбай Каралаевдин эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган тасманы тартууну демилгелеген "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун мүчөсү Улан Исмаилов учурда Тоң районунда даярдыктар көрүлүп, залкар манасчынын үйү курулуп жатканын кабарлаган.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. "Саякбай манасчы" тасмасы үчүн славян түспөлүндөгү кыздарга кошумча кастинг жарыяланып жатканын Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.

Маалыматка ылайык, кастингге 6-9 жаштагы тестиер кыздар жана 17-22 жаштагы бийкечтер чакырылат.

Буга чейин аталган тасманы тартууну демилгелеген "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун мүчөсү Улан Исмаилов учурда Тоң районунда даярдыктар көрүлүп, залкар манасчынын үйү курулуп жатканын кабарлаган.

Эскерте кетсек, тасманын сценарийине сынак жарыяланып, аны белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаров жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0