04:26 18 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры

Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын өрттөнгөн реквизит бөлмөсү калыбына келтирилди

Жаркын Абидканова
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
17620

Мындан улам салтанаттуу иш-чара өтүп, анын алкагында келген меймандарга Жаныш Кулмамбетовдун "Талант жана тагдыр" спектакли тартууланат.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын өрттөнүп кеткен реквизит бөлмөсү менен бет маңдайы калыбына келтирилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, имаратты өлкөдөгү курулуш компанияларынын бири калыбына келтирип берген.

Буга байланыштуу 15-апрель күнү саат 11.00дө салтанаттуу иш-чара өтүп, ага бийлик өкүлдөрү жана чыгармачыл интеллигенциянын катышуусу күтүлүүдө. Аземдин алкагында аталган театрдын актерлору даярдаган белгилүү драматург Жаныш Кулмамбетовдун "Талант жана тагдыр" спектакли тартууланат.

Тема боюнча

Улуттук театрда "Улуу Бхарата урпактары" спектаклинин премьерасы болот
Филармониянын Мамлекеттик камералык хору концертке чакырат
Белгилер:
спектакль, театр, Өрт

ЭҢ МААНИЛҮҮ