22:55 05 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
63 0 0

Концерт Тарых жана маданият жылына, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын 80 жылдыгына карата өткөрүлгөнү жатат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Филармониянын Мамлекеттик камералык хору 18-апрелде концерттик программасын тартуулайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине филармониянын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Улан Зайнидинов билдирди.

Концерт Тарых жана маданият жылына, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына жана Кыргыз Улуттук филармониянын 80 жылдыгына карата өтөт.

"Иш-чарада кыргыз, орус жана дүйнөлүк композиторлордун хор үчүн жазылган чыгармалары аткарылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми хордун башкы дирижеру жана көркөм жетекчиси Эл аралык конкурстардын жана Жумакматов атындагы сыйлыктын лауреаты, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана профессор Гүлбара Маматова болмокчу.

Концерттик программа филармониянын кичи залында саат 18:30да башталат.

Тема боюнча

Мамлекеттик цирк Нарынга барат
"Ак тамак, Көк тамак" — комуз, рояль жана контрабастын коштоосунда
Белгилер:
концерт, хор, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония

ЭҢ МААНИЛҮҮ