07:42 25 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Сүтак тасмасынан кадр. Архив

"Сүтак" тасмасына Ингушетия да баа берди

предоставлено Алтынай Койчумановой
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
"Сүтак" тасмасы дүйнөнү багынтууда (40)
57 0 0

Кыргызстандык тасма дипломго "Мурунку СССР аймагында жашаган элдердин шериктештик темасын ачып бергени" үчүн татыган.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы  Ингушетияда өткөн "Алтын мунара" эл аралык кинофестивалда диплом жана баалуу байгеге ээ болгонун "Айтыш-фильм" киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

Кыргызстандык тасма дипломго "Мурунку СССР аймагында жашаган элдердин шериктештик темасын ачып бергени" үчүн татыган.

Маалыматка ылайык, кинофестивалга дүйнөнүн ар бурчунан келген 30га чукул тасма катышты.

Учурда "Сүтак" тасмасы Стамбулда өтүп жаткан "Алтын жоогазын" эл аралык кинофестивалда ат салышып жатат. Сынактын жыйынтыгы 17-апрель күнү чыгары күтүлүүдө.

Тема:
"Сүтак" тасмасы дүйнөнү багынтууда (40)

Тема боюнча

"Сүтак" бир жума бою "Манас" кинотеатрында көрсөтүлөт
"Сүтактын" режиссеру: "Ника" тууралуу СМСтен билдим
Белгилер:
диплом, кино тасма, Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы, Ингушетия

ЭҢ МААНИЛҮҮ