14:41 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7942
  • EUR95.7496
  • RUB1.1510
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
6510

Буга чейин кыргызстандык команданын атаандаштары кимдер болору аныкталган. Эми кыргызстандык шайырлар менен тапкычтар жеңишти камсыз кылса, жарым финалга жолдомо алат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. "Aзия MIX" командасы КВНдин Жогорку лигасынын чейрек финалында 15-апрелде оюн көрсөтөт. Бул тууралуу КВНдин расмий сайтында маалымдалды.

11-мартта 1/8 оюндары өтүп, кыргызстандыктар россиялык төрт команда менен ойноп, алдыга озуп чыгып, 200 миң рубль акчалай сыйлыкка да татыган.

Чейрек финалдык оюнда КРдин командасы Москва мамлекеттик чоң циркинин курамасы, "Русская дорога" (АГПУ, Армавир) жана МФЮАнын (Москва финансы-юридикалык университети, Москва — Волгоград) курамасы менен ойнойт.

8-апрелде биринчи топтун командалары үчүн чейрек финал өткөн. Жарым финалга регламент боюнча эки команда өттү — "Доброжелательный Роман" (Санкт-Петербург) жана "Радио Свобода" (Ярославль). "Доброжелательный Роман" командасы биринчи орундан дароо жарым финалга өткөнү үчүн 400 миң рублга ээ болду. 

Бул сезондо 20 команда күч сынашууда. Былтыр октябрь айында "Азия MIX" КВНдин жогорку лигасынын финалына чыга албай калган.

Ал эми 2015-жылы "Голосящий КиВиН" музыкалык фестивалында байгеге татыган.

Тема боюнча

КВНдин жогорку лигасында ойночу "Азия Mix" командасынын каршылаштары аныкталды
Бишкекте Санкт-Петербургдун балет мектеби ачылат
Белгилер:
Aзия MIX, КВН, Жогорку лига

ЭҢ МААНИЛҮҮ