БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Абубакир Изибаев атындагы Мамлекеттик цирк Нарын шаарына барат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын көркөм жетекчисинин орун басары Дарья Кусеинова билдирди
Цирк өз өнөрүн Нарын шаарында 20-апрелден 24-апрелге чейин тартуулайт.
"Аймактарга чыкканда жаныбарларды алып жүрүү маселеси көйгөй жаратат. Андыктан бул жолкусунда жаныбарларды алып бара албайбыз. Программа 10дон ашуун номер көрсөтүлөт. Анда маскарапоз, акробат, жанглер жана бир дөңгөлөкчөн велосипед тепкендер, фокусчулар барат", — дейт Кусеинова.
Ал цирк өнөрпоздорун бир катар ырчы-чоорчулар коштоп барарын кошумчалады.