"Үркүн" тасмасына Кытайдагы окуяларды тартуу үчүн аталган өлкө менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө

© Sputnik / Александр Юрьев / Медиабанкка өтүүУлуу Кытай дубалы. Архив
Улуу Кытай дубалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин тасма бир үй-бүлөнүн жашоосу аркылуу ошол учурдагы каатчылыкты чагылдырары тууралуу айтылган.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. "Үркүн" тасмасына Кытайдагы окуяларды тартуу үчүн аталган өлкө менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине тасманын продюсери, сценарийдин автору Мухтар Атаналиев билдирди. 

"Сүтак" бир жума бою "Манас" кинотеатрында көрсөтүлөт
Кыргыз элинин улуттук-боштондук кыймылы тууралуу тасма тартууну "Саякбай манасчы" коомдук фонду демилгелеген. Анын башкы продюсер Мухтар Атаналиев болуп, Метин Учкеев режиссерлук кылат.

Буга чейин тасма бир үй-бүлөнүн жашоосу аркылуу ошол учурдагы каатчылыкты чагылдырары тууралуу айтылган. 

Атаналиев маселе Тышкы иштер министрлиги аркылуу чечилип жатканын айтты. 

"Сценарий боюнча кыргыздардын Кытайдагы окуялары камтылган. Андыктан ал жакка барып тартууну пландап жатабыз. Учурда Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Тартуучу топко виза ачуу маселеси чечилбей жатат", — дейт продюссер. 

Анын айтымында, тасманын 60 пайызы тартылып бүттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0