КВНдин жогорку лигасында ойночу "Азия Mix" командасынын каршылаштары аныкталды

© Фото / Сергей Андрианов"Азия MIX" КВН командасынын катышуучулары. Архив
Азия MIX КВН командасынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар шайырлар жана тапкычтар россиялык үч команда менен ойнойт. Алардын бирөө менен "Азия MIX" 1/8 финалда жолуккан.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. КВНдин жогорку лигасынын жарым финалына чыгуу үчүн "Азия Mix" россиялык үч команда менен ат салышат. Бул тууралуу КВН эл аралык бирикмесинин сайтына жарыяланган.

11-мартта 1/8 финалдык оюну өткөрүлгөн. Анда кыргызстандыктар Россиянын төрт командасы менен ат салышып, биринчиликти камсыздаган. "Азия MIX" кийинки этапка өтүп, 200 миң сом менен сыйланган. 

Александр Масляков Бишкекке келди
22-апрелде өтүүчү экинчи оюндун чейрек финалында кыргызстандыктар менен "Русская дорога" (АГПУ, Армавир), МФЮА (Москва – Волгоград) жана мамлекеттик Москва цирки (Москва) курама командалары ат салышканы жатат. 

Эске салсак, "Азия MIX" буга чейин "Русская дорога" командасы менен 1/8 финалында ойногон.

Кийинки оюнда жалпысынан беш конкурс болот.

Бул сезондо 20 команда күч сынашууда. Былтыр октябрь айында "Азия MIX" КВНдин жогорку лигасынын финалына чыга албай калган.

Ал эми 2015-жылы "Голосящий КиВиН" музыкалык фестивалында байгеге татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0