"Жаш талант-2016" мыктыларды тандайт

CC BY 2.0 / Paul Hudson / MicrophoneМикрофон. Архив
Микрофон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Тарых жана маданият жылына арналат. Ага 7 жаштан 18 жашка чейин таланттар катыша алат.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкекте №4 искусство мектебинде "Жаш талант-2016" сынагы башталганын мэрия билдирди.

Кыргызстандык окуучулар эл аралык сынактан 24 медаль менен кайтты
Тарых жана маданият жылына арналган иш-чара эстрадалык вокал жана эстрадалык-аспаптык аткаруу номинациялары боюнча өтүп, ага 7 жаштан 18 жашка чейин таланттар катышат.

Катышуучулардын өнөрүн Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерватория менен Муратаалы Күрөңкөев атындагы мамлекеттик музыкалык училищенин окутуучулары баалайт. 

Шаардык сынактын лауреаттарынын гала-концерти 21-апрель күнү өтөт. Ар бир номинацияда жеңишке жетишкен өнөрпоздор диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0