Иран кинематография жана көркөм сүрөт боюнча мастер-класстарды өткөрүүгө даяр

CC BY 2.0 / yeowatzup / Behesht-e Zahra, Tehran, IranИран желеги. Архив
Иран желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Ирандын маданият уюмунун төрагасынын эл аралык иштер боюнча орун басары Аббас Хаме Ярды кабыл алды.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Иран кыргызстандыктарга кинематография жана көркөм сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстарды өткөрүүгө дилгир. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова менен Ирандын маданият уюмунун төрагасынын эл аралык иштер боюнча орун басары Аббас Хаме Яр жолугушуусунда белгилүү болду.

Нумизматтар Кыргызстандын тарыхын кайра жазат же сомдун бабалары — фельс менен дирхем - Sputnik Кыргызстан
Нумизматтар Кыргызстандын тарыхын дирхемдерди изилдеп, толукташат
Министрликтиктин маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөр 6-апрелде өткөн. Анда Аббас Хаме Яр экстремизмге бөгөт коюп, ислам маданиятынын терроризм менен ассоциацияланышына жол бербөө үчүн маданий иш-чараларды өткөрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн маданият жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун натыйжасында Иран кыргызстандыктарга кинематография жана көркөм сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстарды өткөрүүгө дилгир экенин белгилеп, кыргыз тарапты Тегеранда өтүүчү китептердин жармаңке-көргөзмөсүнө чакырды. 

Өз кезегинде Темирбекова ирандыктарды күз айында өтө турган Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0