БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Жаңыл Жусупжандын "Каратегинден кат" даректүү тасмасынын бет ачары өтө турганын Кинематографты колдоо фондусу билдирди.
Маалыматка ылайык, тасманын премьерасы 9-апрель күнү саат 15.00дө болот. Анда Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган этникалык кыргыздардын жашоосу, Ата Журтка болгон сагынычы, өкүтү баяндалат.
"Каратегинден кат" тасмасын Кыргызстандын "Чагалдак филмз" жана Франциянын "Cinedoc" киностудиялары биргелешип тарткан. 103 мүнөттүк фильм Памир кыргыздары туурасындагы алгачкы толук метраждуу тасма болуп саналат.