Кыргызстандын маданият күндөрү бир нече өлкөдө өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген кыздар. Архив
Улуттук кийим кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдиктер кыргыз элинин тарыхы, маданияты, жашоо-тиричилиги менен кеңири тааныша алышат.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Быйыл Кыргызстандын маданият күндөрү бир нече өлкөдө өтө турганын Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекция билдирди.

Иш-чаралар Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналмакчы.

Улуттук кийим кийген аял-кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Маш ботой" Бириккен Улуттар Уюмунда жаңырып, чет элдиктердин арзуусун жаратты
Мында кыргыз элинин тарыхы, маданияты, ашканасы, жана жашоо-тиричилиги менен Казакстан, Түркия, Түркмөнстан жана Сауд Арвиянын жашоочулары кеңири тааныша алышат.

Түркияда өтүүчү маданият күндөрү май айына белгиленсе, Түркмөнстанда 14-16-май күндөрү өтөт. Сауд Аравиясына кыргызстандык өнөрпоздор октябрь айынын соңунда барары күтүлүүдө. Ушу тапта сапардын мөөнөтү менен өтө турган орду такталууда.

Бардык белгиленген иш-чаралар Тарых жана маданият жылынын алкагында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0