16:17 23 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
92140

Концертке күбө болгон коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов "Маш ботойду" БУУнун имаратында укканда көзүнөн жаш айлангандыгын социалдык тармакка жазды.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстандык музыканттардын аткаруусундагы "Маш ботой" Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун имаратынын залында жаңырып, ал жердегилердин узакка созулган кол чабуулары, овация менен коштолду. Концерт ТҮРКСОЙ уюму уюштурган фестивалдык программанын алкагында өткөн. Бул маалыматты ТИМден тастыкташты.

Концертке күбө болгон коомдук ишмер Осмонакун Ибрамиов күүнү БУУнун имаратында укканда көзүнөн жаш айлангандыгын социалдык тармакка жазды.

Ал эми атактуу кыргыз музыканты, пианист Азамат Сыдыков бул жүрөк толкуткан окуя болгонун билдирди. 

"Биздин кыздар, азаматтар. Алардын "Маш ботойду" аткаруусу овация жаратып, биздин демибизди көтөрдү", — деп жазды концертке күбө болгон музыкант Сыдыков.

Күүнү "Акак" жана "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин музыканттары аткарган. 

"Акактын" Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүнөн фестивалдык концерттин алкагында алар Вашингтон жана Бостон шаарында концерт коюшаарын маалымдашты.

Концерт берген кыргыз өнөрпоздорунун катарында жогоруда аталган ансамблдерден сырткары ырчылар Гүлжигит  Калыков, Гүлнур Асанова жана Сайра Момунбаева жана "Сымбат" бий тобу бар. 

Тема боюнча

"Маш ботой" күүсү роялдын үнү менен АКШны кыдырды
Саксофондун кубулжуган добушу: шаардык музыканттар жазды созушту
Москвалыктар кыргыздын кара жорго бийин катыра бийлешти
Белгилер:
БУУ, Акак ансамбли, "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, Маш ботой күүсү, концерт

ЭҢ МААНИЛҮҮ