Классикага айланган Кыргызстандын тасмалары алыскы аймактарда көрсөтүлөт

© Александр Федоров"Биринчи мугалим" тасмасы. Архив
Биринчи мугалим тасмасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Классикага айланган Кыргызстандын тасмалары алыскы аймактарда көрсөтүлөт

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. "Алтын фонддогу" 20 көркөм жана 20 документалдык тасма санарипке өткөрүлүп көрсөтүүгө даярдалды. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекция билдирди.

Первому учителю — 50 лет или Почему Кончаловский снял обнаженку - Sputnik Кыргызстан
"Биринчи мугалим" 50 жашка толду
Кыргызстандын мыкты режиссерлорунун колунан чыккан чыгармалар борбордук каналдардан жана өлкөнүн кинотеатрларынан тартууланат.

Маалыматка ылайык, учурда алыскы аймактарга жеткирүү үчүн аталган тасмалардын нускасын көбөйтүү иштери жүрүп жатат.

Бул долбоордун алкагында көрөрмандар "Биринчи мугалим", "Уркуя", "Бакайдын жайыты" сыяктуу көркөм тасмалар жана "Манасчы" өңдүү даректүү фильмдерди көрө алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0