"Ак илбирстин тукуму" тасмасы англис тилиндеги субтитрлер менен тартууланат

© Sputnik / Александр ФедоровКиногруппа фильма "Потомок белого барса". Архивное фото
Киногруппа фильма Потомок белого барса. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара улуттук тасманы чет жактарга жайылтууну көздөйт. Бет ачар салтанаты 30-март күнү Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө кечки саат беште болот.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" тасмасы англис тилиндеги субтитрлер менен тартууланат. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара аталган тасманын 30 жылдыгына арналып, улуттук фильмдерди чет жактарга таанытууну максат кылат. Кожожаш мерген тууралуу тасма 1986-жылы биринчи жолу экранга чыккан.

Тасманы субтитрлөө жана нускасын көбөйтүү Төлөмүш Океев атындагы фонддун демилгеси менен "Кыргызфильмдин" базасында өкмөт аппаратынын колдоосу менен ишке ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0