Бишкекте студенттер арасында театр фестивалы башталат

Жазылуу
Иш-чаранын ачылыш аземи бүгүн өтүп, ал төрт күнгө созулат.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте студенттердин "Жаңы ысымдар" аттуу театралдык фестивалы баштала турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Бий таймаш — "Майкл Жексон" vs "Кара жорго"
Маалыматка ылайык, фестивалдын ачылыш аземи саат 16.00дө Бакен Кыдкеева атындагы мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында өтөт. 

Иш-чарага Абдымомунов атындагы улуттук драма театрынын алдындагы театралдык училищенин, Бейшеналиева атындагы мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультети, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин театр бөлүмүнүн студенттери жана "Туңгуч" жаштар театры катышат.

Фестивалдын жабылуу салтанаты 26-мартта өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0