Бүгүн Касым Каимовдун 90 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү өтөт

Жазылуу
Иш-чарага акындар, жазуучулар, студенттер, жана маданият өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бүгүн Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада прозаик, жазуучу Касым Каимовдун 90 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу улуттук китепканадан билдиришти. 

Планшет менен сабакта отурган окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: окуучулар планшет менен жаңы окуу жылында камсыздалышы мүмкүн
Аталган иш-чара "Тарых жана маданият жылына" арналып, саат 11:00дө башталат. Анда жазуучунун бардык китептери, гезит-журналдык публикациялары, макалалары коюулат.

Иш-чарага акындар, жазуучулар, студенттер жана маданият өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. 

Касым Каимов — 1926-жылы Талас районунда жарык дүйнөгө келген. Ал "Бири-бирине окшобогон күндөр" повести, "Соңку жолугушуу" китептеринин автору. Каимов "Ардак белгиси" орденинин жана бир нече сыйлыктардын ээси. 

Жаңылыктар түрмөгү
0