Көзү начар көргөн ырчы Гүлүм Касымбаева Токиодогу сынакта биринчи болду

Жазылуу
Сынак 8-март күнү өткөн. Гүлүм АКШ, Германия, Канада, Франция, Аргентина, Мексика, Армениядан келген атаандаштарын артка калтырды.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Япониянын борбору Токио шаарында жыл сайын өтүүчү чет элдик аткаруучулардын сынагында көзү начар көргөн кыргызстандык Гүлүм Касымбаева биринчи орунду ээлегенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Nodojiman the World-2016 аттуу сынак 8-март күнү өткөн. Ага АКШ, Германия, Канада, Франция, Аргентина, Мексика, Армения сыяктуу мамлекеттерден өнөрпоздор катышкан. 

Кинолента. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тайлак баатыр тууралуу тасманын сценарийине сынак жарыяланды
Конкурс Nihon TV телеканалынан көрсөтүлдү. Эрежеге ылайык, катышуучулар япон тилинде чыгармаларды сахнага алып чыгуусу талап кылынган.

Гүлүм япон вокал искусствосуна көптөн бери кызыгып, учурда 10дон ашуун ыр аткарат. Анын экөөсүн атайы Гүлүм үчүн япон авторлору жазып беришкен. Кыргызстандык ырчы япон аткаруучусу Мита Ре менен Токиодогу концертке чыккан.

Былтыр бул сынакты Индонезиядан келген өнөрпоз жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0