Тайлак баатыр тууралуу тасманын сценарийине сынак жарыяланды

© flickr.com / Nic McPheeКинолента. Архив
Кинолента. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма толук метраждуу болот. Сценарийлер сынагына арыздар 10-марттан баштап кабыл алынат.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Тайлак баатыр тууралуу көркөм метраждуу тасманын сценарийине сынак жарыялаганын Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Тоодо жылкы жетелеген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Режиссер: тасма тартууда үшүп-тоңуп, чын эле Үркүндөгүдөй абалга кабылдык
Сынакка арыздар 10 марттан 30-апрелге чейин кабыл алынат. Ал эми көркөм кеңештин жыйыны жана конкурстун жыйынтыгы 10-майда чыгат.

Сынактын жеңүүчүсү автордук укукка ээ болору айтылууда. 

Тайлак баатыр — болжол менен 1796-жылы Нарын дайрасынын боюндагы азыркы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде төрөлгөн. XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү болуп саналат. 

Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы бир тууганы Атантай экөө жетекчилик кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0