Стенин атындагы фото сынагына эмгектерди кабыл алуу жарым айдан кийин аяктайт

© Sputnik / Василий Максимов / Медиабанкка өтүү"Россия сегодня" маалымат агенттигинин фотожурналисти Андрей Стенин. Архив
Россия сегодня маалымат агенттигинин фотожурналисти Андрей Стенин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гран-при сыйлыгынын жеңүүчүсүнө 500 миң рубль ыйгарылат.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Россиядагы Андрей Стенин атындагы жаш журналисттерге арналган жалгыз эл аралык фото сынагына эмгектерди кабыл алуу жарым айдан кийин токтотулат. 

Андрей Стенин атындагы фотожурналистика сынагы эл аралык "Россия сегодня" маалымат агенттиги тарабынан уюштурулуп, ЮНЕСКОнун Россиядагы комиссиясынын колдоосу менен өткөрүлүп жатат. 

Эмгектерди кабыл алуу stenincontest.ru сайты аркылуу 2016-жылдын 22-мартына чейин кабыл алынат. 

Кыргызстандык сүрөтчү эл аралык сынактын финалына чыкты
Катышуучулардын жаш курагы 18ден 33 жашка чейин болуусу шарт. 

Сынак беш номинациядан түзүлгөн: "Менин өлкөм", "Дүйнө түсү. Жашоо гармониясы", "Портрет. Биздин замандын баатыры", "Башкы жаңылыктар" жана "Спорт". 

Калыстар тобунун добушу менен ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. 

Мындан сырткары өзгөчө Гран-при сыйлыгы да тапшырылат.

Гран-при сыйлыгынын жеңүүчүсүнө 500 миң рубль ыйгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0