Россиялык ТВ Кыргызстанда өтө турган Көчмөндөр оюндары тууралуу сюжет даярдоодо

© Нурпери СадырбековаРоссиялык ТВ Кыргызстанда өтө турган Көчмөндөр оюндары тууралуу сюжет даярдоодо
Россиялык ТВ Кыргызстанда өтө турган Көчмөндөр оюндары тууралуу сюжет даярдоодо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык журналисттер салбурун жана көк бөрү сыяктуу улуттук оюндарга басым жасады.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. "Россия" телеканалы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдык тууралуу сюжет даярдап жатканын Улуттук спорттун түрү боюнча дирекциянын маалымат катчысы Нурпери Садырбекова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын улуттук спорту менен алектенген спортчулар 2-март күнү телеге тартылышты. Журналисттер көбүнесе салбурун, көк-бөрү сыяктуу улуттук оюндарга басым жасашкан.

© Нурпери Садырбекова"Россия" телеканалы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдык тууралуу сюжет даярдап жатат
1/4
"Россия" телеканалы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдык тууралуу сюжет даярдап жатат
© Нурпери СадырбековаКыргызстандын улуттук спорту менен алектенген спортчулар 2-март күнү телеге тартылышты
2/4
Кыргызстандын улуттук спорту менен алектенген спортчулар 2-март күнү телеге тартылышты
© Нурпери СадырбековаЖурналисттер көбүнесе салбурун, көк-бөрү сыяктуу улуттук оюндарга басым жасашкан
3/4
Журналисттер көбүнесе салбурун, көк-бөрү сыяктуу улуттук оюндарга басым жасашкан
© Нурпери СадырбековаСпорттун бул түрлөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилгени маалым.
4/4
Спорттун бул түрлөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилгени маалым.
1/4
"Россия" телеканалы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдык тууралуу сюжет даярдап жатат
2/4
Кыргызстандын улуттук спорту менен алектенген спортчулар 2-март күнү телеге тартылышты
3/4
Журналисттер көбүнесе салбурун, көк-бөрү сыяктуу улуттук оюндарга басым жасашкан
4/4
Спорттун бул түрлөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилгени маалым.

Спорттун бул түрлөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилгени маалым.

Жаңы ипподром курулушунун асмандан көрүнүшү
Ал эми ордо жана тогуз коргол боюнча сюжет 3-мартта тартылат.

Программа ушул айда "Россия" телеканалынан тартууланып, журналисттер оюндарга карата жүрүп жаткан даярдык жөнүндө айтып беришет.

Өз кезегинде Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын башчысы Алмазбек Касенов телеканалдын тартуучу тобуна ыраазычылык билдирди.

Олимпиаданын аналогу болгон Көчмөндөр оюндары биринчи жолу 2014-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Белоруссия, Тажикстан, Өзбекстан жана Россиянын командалары катышкан.

Быйыл күзүндө II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Анын программасына улуттук спорттун 26 түрү киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0