Филармония жазды ретро концерт менен тосууга чакырат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук филармония имараты. Архив
Улуттук филармония имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаздын алгачкы күнүнө белгиленген концертте өткөн кылымдын 60-80-жылдарынын аралыгында ырдалган чыгармалар жаңырмакчы.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Тарых жана маданият жылына карата Улуттук филармония өз ардагерлеринин "Кылым коштоп көөнөрбөгөн ыр дүйнө" аттуу концертин тартуулай турганын аталган мекеменин жетекчиси Кыргызбай Осмонов билдирди.

Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерти учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Камбаркан" фольклордук - этнографиялык ансамбли концерт тартуулайт
Анын айтымында, концерт үстүбүздөгү жылдын 1-мартына белгиленип, анда 60-80 жылдардын аралыгында аткарылган ретро ырлар жаңырмакчы.

Концертке КР эл артисттери Анарбек Ибраев, Гүлсүн Мамашева, Нуржамал Табалдиева, эмгек сиңирген артисттер Алтынбек Сапаралиев, Келдибек Ниязов, Зейнеп Шакеева, Гүлмайрам Момушева, Анара Мадиева, Майрам Дүйшөкеева, Динара Акулова, Султан Каримов, Алина Жетигенова жана белгилүү ырчылар Тамара Исабекова, Нурхан Калназарова, Токтобүбү Черикчиева, Айгүл Ирсалиева, Мерген Турган, Чолпон Алсеитова, Аскар Карыбаев катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0