Кыргызстандык кол өнөрчүлөр "Дүйнөнүн мобилдүү кубогунда" үчүнчү орунду ээлешти

© Тимурлан Тураталиев Финал международного конкурса стартаперов в Барселоне
Финал международного конкурса стартаперов в Барселоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи орунду Голландия ээлесе, экинчиликти Египет, ал эми үчүнчү орунду Кыргызстандын "Art Аsian" командасы багынтты.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Барселонада (Испания) өткөн "Дүйнөнүн мобилдүү кубогунда" Кыргызстандан барган "Art Аsian" командасы үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралу Sputnik Кыргызстан агенттигине команданын мүчөсү Тимурлан Тураталиев кабарлады.

Анын айтымында, 24-февраль күнү Барселона шаарында сынактын финалдык бөлүгү болуп өттү. Анда 23-февраль күнү 20 өлкөдөн келген команданын ичинен финалга чыккан 11 топ күч сынашты. 

© Тимурлан Тураталиев"Дүйнөнүн мобилдүү кубогунда" Кыргызстандан барган "Art Аsian" командасы үчүнчү орунду ээледи
Финал международного конкурса стартаперов в Барселоне - Sputnik Кыргызстан
"Дүйнөнүн мобилдүү кубогунда" Кыргызстандан барган "Art Аsian" командасы үчүнчү орунду ээледи

Биринчи орунду Голландия ээлесе, экинчиликти египет, ал эми үчүнчү орунду кыргызстандыктар багынтышты.

Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты. 

"Дүйнөнүн мобилдүү кубогу" сынагында ар өлкөдөн келген ишкерлер өз долбоорлорун сунуштап, аны коргоп чыгат.

"Биз "Art Asianдын" командасынын чеберлери тарабынан колго жасалган буюмдарды — улуттук кийим-кечек, зер буюмдарды жана үй жасалгасын көрсөттүк. Долбоордун максаты —Орто Азиянын маданиятын, каада-салтын англис тилдүү колдонуучуларга жайылтуу болуп саналат", — дейт Тураталиев.

Колго тигилген калпактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык кол өнөрчүлөр Москваны багындырып, 25 миң доллар менен сыйланды
Эске сала кетсек Москвада өткөн "Евразиянын мобилдүү кубогун" кыргызстандан барган "Art Аsian" командасы жеңип, Барселонага "Дүйнөнүн мобилдүү кубогуна" жолдомо алган. 

Стартап — англис тилинен которулганда "жандыруу", "баштоо" дегенди түшүндүрөт. Интернет технологиясынын жардамы менен долбоорлорду кеңири жайылтып, бизнес пландарды ишке ашыруу болуп саналат. Ал эми бул топтун мүчөлөрү стартапер деп алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0