Бишкекте чыгармачыл союздардын конфедерациясы түзүлдү

Жазылуу
Жаңы түзүлгөн уюмду Кыргызстандын жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов жетектемей болду.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкекте курамына жети чыгармачыл союз кирген конфедерация түзүлгөнүн Кыргызстандын кинематографисттер союзу билдирди.

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндары тууралуу роликтер чет элдик телеканалдарынан көрсөтүлөт
Маалыматка ылайык, аталган уюмга жазуучулар, кинематографисттер, театр ишмерлеринин, композитор, сүрөтчү, архитектор жана журналисттер союздары кирди. 

Конфедерация интеллектуалдык менчикти, чыгармачыл укукту коргоп, чыгармачыл ишмердүүлүктөгү шарттарды жакшыртууну максаттайт. Мындан тышкары, бул жаатта мыйзам жана укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгуу менен искусство жана маданиятты өнүктүрүүнү көздөмөкчү.

Жаңы түзүлгөн уюмду Кыргызстандын жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов жетектемей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0