Көчмөндөр оюндары тууралуу роликтер чет элдик телеканалдарынан көрсөтүлөт

Жазылуу
Туризм департаментинин директору учурда CNN, Euronews, BBC жана Al Jazeera телеканалдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча элчилерге буйрук берилгенин белгиледи.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Быйыл күзүндө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кыргызстан жана оюндар тууралуу тартылган роликтер CNN, Euronews, BBC жана Al Jazeera телеканалдарынан көрсөтүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, жалпы жонунан алты ролик тартылмакчы.

"Анын экөө Кыргызстан жөнүндө болсо, калганы Көчмөндөр оюндарына арналат. Учурда Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчилерине буйруктар берилген. Алар абройлуу телеканалдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттендирилишти", — дейт Жаманкулов.

Департамент башчысы роликтер көк чыкканда тартыла баштай турганын белгиледи. Анын айтымында, видеороликтерди тартуучу топту Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы аныктайт.

"Роликтер болжол менен бир айлык убакытта даяр болот. Ошондо май айынын чоңу менен аяктаса, июль-август айларында телеканалдардан бериле баштайт деген пландар бар", — деди директор.

Жаманкулов азырынча роликтерди жайгаштырууга чыгымдала турган каражат аныктала электигин белгиледи.

Быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары экинчи ирет Ысык-Көл жээгинде өткөрүлөт. Азырынча так убактысы тактала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0