"Грэмми" сыйлыгынын "Жылдын мыкты ыры" номинациясын британдык ырчы Ширан алды

© REUTERS / Mario AnzuoniЫрчы Эд Ширан. Архив
Ырчы Эд Ширан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы Thinking Out Loud деген ыры менен жеңишке жеткен. "Грэмми" сыйлыгы музыка тармагында түрдүү жанрда жетишилген ийгиликтер үчүн берилет.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. 2015-жылдын эң мыкты ыры деп Эд Ширандын Thinking Out Loud деген ыры табылды.

Музыкантчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин музыка жана сүрөт мугалимдери билимин жогорулатты
"Эң мыкты ыр" номинациясына Тейлор Свифттин Blank Space, Кендрик Ламардын Alright, Little Big Town тобунун Girl Crush ыры жана Чарли Путтун See You Again композициялары ат салышкан.

Ширандын ыры төрт номинацияга коюлган. Алардын ичинде "Эң мыкты альбом" жана "Эң мыкты жаздыруу" да бар.

"Грэмми" сыйлыгы америкалык үн жаздыруучу компаниялары тарабынан 1958-жылы 14-мартта негизделген. Бул сыйлык музыканын түрдүү тармагында жана стилинде жетишилген ийгилик үчүн берилет. Сыйлыкты тапшырууда анын коммерциялык сатуулары жана кайсы жакта аткарылганына маани берилбейт.

Сыйлыкты тапшыруунун 58-салтанатын Лос-Анжелестин CBS каналы көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0