Кара деңиз флотунун артисттери Кыргызстандын үч шаарында концерт берет

© Sputnik / Табылды КадырбековАскердик ансамльдын концерти учурунда. Архив
Аскердик ансамльдын концерти учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Артисттер Бишкек, Кант жана Каракол шаарларында болот. Алар Россияда жана КМШ мамлекеттеринде гастролго автивдүү чыгып келишет.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кара деңиз флотунун артисттери жакында Кыргызстанга келип концерт тартуулашарын Росскызматташуунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, артисттер 16-17-февралда Каракол шаарында саат 19.00 жана 13.00дө концерт беришет. 

Андан кийин 19-февралда саат 14.00дө ансамбль өз концертин Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында өткөрөт.

20-февралда саат 13.00дө Кант шаарынын тургундары артисттердин өнөрүнө күбө боло алышат.

Ансамблдин тарыхы 80 жылдан ашат. Алар Россияны жана КМШ мамлекеттерин дайыма гастроль менен кыдырып келишет. 2000-жылы аскер ансамблдери ичинен биринчи жолу Россиянын Маданият министрлигинин сыйлыгынан лауреаты жана Чыңгыз Айтматов атындагы фондунун "Алтын Апполон" сыйлыгын алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0