"Камбаркан" фольклордук - этнографиялык ансамбли концерт тартуулайт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерти учурунда. Архив
Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерти учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концертке ансамблдин ырчылары Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова, Улан Качкыналиев, Кундуз Таштаналиева, Аскат Мусабеков жана төкмө акындар — Азамат Болгонбаев менен Аалы Туткучевдер катышары айтылууда.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли чоң программадагы концерт тартуулай турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Травиата, дирижер жана көрөрман — дүйнөлүк опера жылдыздары Бишкекте концерт тартуулашты
Ага ылайык, концерт үстүбүздөгү жылдын 17-февралында улуттук филармонияда өтүп, ага ансамблдин көркөм жетекчиси КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рысбек Жумакунов жетекчилик кылат.

Концертке ансамблдин ырчылары Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова, Улан Качкыналиев, Кундуз Таштаналиева, Аскат Мусабеков жана төкмө акындар — Азамат Болгонбаев менен Аалы Туткучевдер катышат.

Маданий иш-чара 18.00дө башталып, билет баасы 200 сомго бааланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0