Атай Өмүрзаков Лондондо Кыргызстандын желегин желбиретип жүрөт

© REUTERS / TOBY MELVILLEЛондон шаары. Архив
Лондон шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бийчи "Тумар" аттуу тобу менен Парижде өткөн цирк өнөрүнүн De Cirque de Dimain эл аралык сынагында үчүнчү орунга жетишкен.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков Кыргызстандын атынан Лондондо өтүп жаткан Britain`s Got Talent телесынагына катышууда.

Азамат Сыдыков исполнил композицию Маш Ботой на пианино и снял клип в США - Sputnik Кыргызстан
"Маш ботой" күүсү роялдын үнү менен АКШны кыдырды
"Биз азыр Лондондобуз. Беш жылдан бери умтулуп келе жаткан долбоорго катышуу үчүн келдик. BGT 2016", — деп жазат бийчи өзүнүн Instagram тармагындагы аккаунтунда.

Буга чейин бийчи "Тумар" аттуу тобу менен Парижде өткөн цирк өнөрүнүн De Cirque de Dimain эл аралык сынагында үчүнчү орунга жетишкен.

Британиянын "Britain`s Got Talent" долбоору 2007-жылдан бери өтүп, ITV аркылуу эл назарына тартууланып келет. Мында ар бир каалоочу жашына карабай өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтө алат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0