"Үркүн" тасмасын тартуу Ысык-Көлдөгү Жууку ашуусунан башталат

© Sputnik / Влад УшаковЫсык-Көлдөгү тоо. Архив
Ысык-Көлдөгү тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасмада бир үй-бүлөнүн тагдыры аркылуу ошол кездин каатчылыгы чагылдырылмакчы.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Эртең, 9-февралдан тарта Ысык-Көлдүн Жууку ашуусунда "Үркүн" тасмасынын алгачкы эпизоддору тартыла баштай турганын "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун мүчөсү Улан Исмаилов билдирди.

Үркүнгө карата драмалык пьесалардын сынагы өтөт
Кыргыз элинин улуттук-боштондук кыймылы тууралуу тасма тартууну аталган фонд демилгелеген. Анын башкы продюсер Мухтар Атаналиев болуп, Метин Учкеев режиссерлук кылат.

Буга чейин тасма бир үй-бүлөнүн жашоосу аркылуу ошол учурдагы каатчылыкты чагылдырары тууралуу айтылган. 

Жууку — Тескей Ала-Тоодогу Жууку суусунун башындагы ашуу. Ысык-Көл өрөөнүн Ички Теңир-Тоо (Арабел өрөөнү) менен байланыштырат. Деңиз деңгээлинен 3633 метр бийиктикте. Барскоон ашуусунан 120 метр көтөрүңкү жатат. Июндан октябрь айына чейин ачык болуп, ашуу аркылуу мал ашырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0