Үркүнгө карата драмалык пьесалардын сынагы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАбдылас Малдыбаев атындаы опера балет театры. Архив
Абдылас Малдыбаев атындаы опера балет театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардык чыгармалар үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин кабыл алынат.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргыз элинин 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылынын 100 жылдыгына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги драмалык пьесаларга сынак жарыялай турганын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Тарых жана маданият жылына арналып өткөрүлүүдө. Үркүнгө арналган драмалык пьесаларды министрлик 1-мартка чейин кабыл алат.

Бардык иштер көркөм-эксперттик комиссиянын курамына кирген театр ишмерлеринин сынына коюлмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0