14:41 12 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8426
  • EUR77.0294
  • RUB1.0928
Театр актеру сахнада. Архив

Кыргызстанда спектаклдерге категория берилип, ак-карасы тандалат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
56 0 0

Мындай аракет өлкөдөгү театрларды реформалоого багытталганын маданият, маалымат жана туризм министри белгиледи. Маалымат боюнча аталган мекемеде жума сайын театрды өнүктүрүүгө арналган жыйындар өтүүдө.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы театрларда коюлган спектаклдерге категория бериле баштай турганын маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов театрларды реформалоого арналган жыйында билдирди.

Анын айтымында, мындай аракет коюлуп жаткан спектаклдердин сапатын жогорулатып, жамааттардын атаандаштыгын арттырат.

"Демилге депутат Садык Шер-Ниязга таандык. Спектаклдерди карай турган көркөм-эксперттик кеңеш түзүлүп, мүчөлөрү такталды. Иштей турган жоболор аныкталды", — деди министр.

Спектаклдер 7-8 критерийдин негизинде тандалып алынат. 

"Пьесанын актуалдуулугу, драматургдун иши, режиссерлук коюу, актерлордун ойноосу, композитор, сүрөтчү, музыкасы, декоратордун эмгеги каралып, ошол спектаклге баа берилет. Эгер эки үч ирет коюлган спектаклге үчүнчү категория берилип калса, анда ошол театрдын иши каралат", — деди Максутов.

Анын айтымында, апта башында көркөм-эксперттик кеңеш Баткен жана Жалал-Абад облустарына барып, театрлардын буга чейинки жана жаңы даярдалып жаткан спектаклдери менен таанышып кайтат. Ал эми категория борборго келгенден кийин чоң талкуудан соң ыйгарылмакчы.

Андан кийин аталган топ өлкөнүн башка дубандарындагы театрларды кыдырмакчы.

Тема боюнча

"Суфлер" спектакли Лондондогу эл аралык фестивалга чакыруу алды
Кыргызстандын орус сүрөтчүлөрү тууралуу альбом-китеп жарык көрдү
Белгилер:
маданият, кеңеш, деңгээл, спектакль, категория, театр

ЭҢ МААНИЛҮҮ