Кыргызстандын орус сүрөтчүлөрү тууралуу альбом-китеп жарык көрдү

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСүрөтчү. Архив
Сүрөтчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китепте бир нече сүрөтчүнүн иштери сунушталган. Анда Кыргызстандын түштүк аймагындагы көркөм сүрөт өнөрүнүн тарыхы баяндалат.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстандын орус сүрөтчүлөрү тууралуу жаңы китеп жарыкка чыкканын Росскызматташуунун КРдагы өкүлчүлүгү билдирди.

"Россия — Кыргызстан. Кыргызстандын түштүгүндөгү орус сүрөтчүлөрдүн тагдыры жана ишмердүүлүгү" деп аталган альбом-китеп тарых илимдеринин кандидаты Антонина Захарованын калемине таандык.

Китепте сүрөтчүлөр Федор Хомяков, Леонтий Горбунов, Валерий Улеевдин биографиялык очерктери жана алардын чыгармалары сунушталат. Муну менен бирге өлкөнүн түштүк аймагында көркөм сүрөт өнөрүнүн тарыхы чагылдырылган.

Жаңы альбом-китеп Росскызматташуунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан каржыланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0