Атай Өмүрзаков Парижде цирк өнөрүнүн дүйнөлүк фестивалына катышууда

© Sputnik / Александр Юрьев / Медиабанкка өтүүЭйфелева башня. Архив
Эйфелева башня. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк фестиваль Франциянын борборунда 1977-жылдан бери өткөрүлүп келет.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков жана анын "Тумар" тобу Парижде өтүп жаткан цирк өнөрүнүн Эл аралык De Cirque de Dimain фестивалына катышып жатат.

"Биз азыр Париждебиз. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы мыкты таланттар катышкан De Cirque de Dimain фестивалына катышуу үчүн келдик. Кыргызстан бул фестивалга биринчи жолу катышып жатат", — дейт Өмүрзаков өзүнүн Instagram тармагындагы аккаунтунда.

Азия MIX командасынын капитаны Элдияр Кененсаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" Жогорку, ал эми "Бруклин" борбордук лигага өттү
Фестивалдын расмий сайтында ага Япония, Франция, Испания, Марокко, Россия, Белоруссия жана башка өлкөдөн келген 22 өнөрпоз талантын тартуулап жатканы айтылат.

Катышуучулар эки топко бөлүнгөн. Кыргызстандыктар биринчи топто сахнага чыгат — алардын номери бүгүн, 28-январда тартууланат.

Фестиваль дүйнөнүн бардык жагынан келген гимнасттар, акробаттар, жонглерлор, эквилибристтер, атлеттер, фокусниктер жана маскарапоздордун башын бириктирүүдө. Цирк өнөрүнүн дүйнөлүк фестивалы Парижде 1977-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0