Комуз күүсүнө чаңкаган Европадагы мекендештерге Туткучев менен Бейшекеев ыр сунат

© Фото / предоставлено Аалы ТуткучевымАкын Аалы Туткучев. Архив
Акын Аалы Туткучев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткаруучулар Германия, Чехия, Австрия жана Швейцарияда 28-январдан 7-февралга чейин болушат.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргыздын элдик ырлары менен комуз күүсүн сагынган Европадагы мекендештерге акын Аалы Туткучев менен аткаруучу Сыймык Бейшекеев сапар тартканы турат. Бул тууралуу Диалог Евразия коомдук фондунун президенти Улукбек Болушев билдирди. 

Аткаруучулар Европанын Германия, Чехия, Австрия жана Швейцария мамлекеттеринде 28-январдан 7-февралга чейин болушат. 

"Аткаруучулар мекендештерге ыр сунуу менен гана токтолбостон алар менен диалог түзүп маданият тууралуу баарлашат", — деп билдирди Болушев. 

Филармония Кыргызстанды түрө кыдырып өнөрүн тартуулайт
Кыргыздар аз отурукташкан өлкө жана шаарларда мекендештер бир үйгө чакырылып, ошол жерден маданият тууралуу талкуулар менен кошо концерттик программа өтөөрүн фонддун президенти кошумчалады. 

Маданий программа Германиянын Ганновер, Гамбург, Берлин, Бремен шаарларында, Чехиянын Прагасында, Швейцариянын Цюрих жана Австриянын Вена шаарларында өткөрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0