Филармония Кыргызстанды түрө кыдырып өнөрүн тартуулайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДирижер филармониядагы концерт учурунда. Архив
Дирижер филармониядагы концерт учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан түзүлгөн "500 гастроль" программасынын алкагында ишке ашууда.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын 150 кишиден турган чыгармачылык тобу үстүбүздөгү жылдын 16-18-март күндөрү Каракол шаарында отчеттук концерт бере турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Бийчилер концерт учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын бийчилери Түркияга чакыруу алышты
Иш-чара Тарых жана маданият жылына арналып, министрлик тарабынан түзүлгөн "500 гастроль" аттуу программанын алкагында ишке ашууда. 

Аталган министрликтик маалымат катчысы Кундуз Качкынбаеванын айтымында, "500 гастроль" программасы Кыргызстандагы театрларынын аймактарга чыгып, өнөрүн көрсөтүүсүн шарттайт.

Филармониянын ушул эле концерти апрелдин башында Нарын облусунда, май айынын соңунда Ош облусунда өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0