Бишкекте алгач ирет оркестрлер таймашы өткөрүлөт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМузыкант оркестра во время репетиций. Архивное фото
Музыкант оркестра во время репетиций. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таймаштан кийин өлкөдөгү төрт симфониялык оркестр бириктирилиши ыктымал.

БИШКЕК, 21-янв. – Sputnik. Маданият министри Алтынбек Максүтов быйыл Бишкекте алгач ирет оркестрлер таймашын өткөрүү пландалып жаткандыгын айтты. 

"Учурда таймашты өткөрүү жоболору иштелип жатат", — деп билдирди министрликтин маалымат катчысы Кундуз Качкынбаева.

"Салттуу музыка жана жаратмандык" деген аталыштагы тегерек столдо өлкөдөгү төрт симфониялык оркестрди бириктирүү маселеси каралды.

Анда композитор Турдубек Чокиев азыркы симфониялык төрт оркестрди бириктирип маяналарын жогорулатуу керектигин, бул сандан сапатка өтүүгө шарт түзөрүн айткан. 

Максутов таймаштан кийин оркестрлердин чыгармачылык потенциалы байкалып, андан кийин тийиштүү чечимдер кабыл алынарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0