Дакка Эл аралык кинофестивалында кыргыз кинематографист кыз-келиндер тууралуу сөз болду

© AP Photo / STRДакка шаарына көрүнүш. Архив
Дакка шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалга калыстар тобунун мүчөсү катары чакырылган белгилүү кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова аялдар конференциясында кино жаатында эмгектенген кыргызстандык айымдар тууралуу кеңири баяндап берди.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бангладештеги Дакка Эл аралык кинофестивалдын алкагында өткөн конференцияда кинотаануучу, фестивалдын калыстар тобунун мүчөсү Гүлбара Төлөмүшова кыргыз кино жаатында эмгектенген кыз-келиндер туурасында айтып берди. Бул тууралуу кинотаануучу Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.

Маалыматка ылайык, фестиваль 14-январда Дакка шаарында башталган. Ага Кыргызстандан Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак", Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында", Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" жана Кымбат Адылбекованын "Таксист" тасмалары катышууда.

Төлөмүшованын айтымында, фестиваль мазмундуу өтүп жатат. 

"Дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген кино өкүлдөрү менен кызыктуу жолугушуулар, таанышуулар өтүп жатат. Кыргыз киносуна Непалдагы тоолуу өлкөлөрдүн кино фестивалы, Тайвань кино коомчулугу, Шотландиянын кино өкүлдөрү абдан кызыгууда", — деди кинотаануучу.

Төлөмүшова фестивалдын жыйынтыгы жакын арада белгилүү болорун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0