Ошто Россия кинолорунун фестивалы өтөт

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүРежиссер Станислав Говорухин. Архив
Режиссер Станислав Говорухин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган эл аралык фестивалга режиссер Станислав Говорухин, Людмила Чурсина жана башка кино жылдыздары келери күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Апрель айында Ошто "Байыркы Ош шаарындагы Россия жумалыгы" аттуу эл аралык кинофестиваль өтөт. Бул тууралуу КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Салима Шарипова билдирди.

Анын айтымынла, фестиваль 19-24-апрелде өтөт. Маданий иш-чарада Россиянын алдыңкы режиссерлорунун алты тасмасы көрсөтүлөт.

"Акыркы он жылдан бери орус киносу өзүнө дүйнөлүк атакты кайтарууда. Мына ошол тасмалар Ошко келет. Режиссер Станислав Говорухин, Людмила Чурсина жана башка кино жылдыздары келет деп турабыз", — деди ал.

Бул кинофестиваль КРдин Тышкы иштер министрлиги, Кыргызстан менен Россиянын Маданият министрликтери жана Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0