15:49 19 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.1779
  • EUR79.2295
  • RUB1.0839
Кыргыз улуттук кийимдерин кийген кыздар. Архив

Сауд Аравиясында Кыргызстандын маданият күндөрү качан өтөөрү аныкталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
1901

Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов Сауд Аравиянын элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен жолукту.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Сауд Аравиясында Кыргызстандын маданият күндөрүн 2016-жылдын 22-28-октябрь күндөрү өткөрүү пландалып жатканын минисрликтин маалымат кызматы билдирди. Бул тууралуу КР маалымат, маданият жана туризм министри Алтынбек Максутовдун Сауд Аравиянын элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Министр менен элчи маданият тармагындагы өз ара кызматташууну талкуулашты. Анын ичинде Кыргызстандын маданият күндөрүн Сауд Аравиясында өткөрүү да каралды. Ага ылайык, КРдин маданият күндөрүн 22-28-октябрда өткөрүү пландалууда.

Максутов элчини экинчи жолу өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча кабардар кылып, Сауд Аравиясынын маданият ишмерлерин аталган эл аралык фестивалга чакырды.

Элчи өз кезегинде Бишкекте жана Эр-Риядда сүрөтчүлөрдүн түрдүү көргөзмөлөрүн өткөрүп, маданият жаатында кызматташууну белгиледи.

Тема боюнча

Балдар кышкы каникул учурунда "кумдун авазына" бара алат
Болгарияда өтө турган кинофестивалга 465 тасмадан "Курманжан датка" тандалды
Белгилер:
маданият күндөрү, Алтынбек Максутов, Кыргызстан, Сауд Аравиясы
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ