Улан манасчы: Манасты кантип, кайдан алып айтып жатканымды түшүнбөйм

© "Саякбай манасчы" коомдук фондусуМанасчы Улан Исмаилов жети күндүк "Манас айтуу" учуру.
Манасчы Улан Исмаилов жети күндүк Манас айтуу учуру. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызда "аян болбой, баян болбойт" деген сөз бар. Ар бир манасчы өң-түшүндө Баатырларды, Окуяларды көргөндөн кийин оозунан сөзү куюлуп, байыркы менен бүгүнкүнүн ортосундагы алтын көпүрөгө айланат.

Буркан-шаркан түшүп, ээ-жаа бербей Манас айтып жаткан манасчыларды баарыбыз эле көрүп-билип жүрөбүз. Аян-сыр тууралуу кеп кийин да бир козголор, бул жолу Улуу жомокту айткан азыркылардын кыйыны Улан Исмаилов менен манасчылык эмес, ошол касиеттин жолунда жүргөн манасчылардын мүнөзү тууралуу баарлаштык.

— Илгери Тыныбек манасчы дастанды айтып баштаганда, өзгөчө кандуу кармаштарды сүрөттөп айта келгенде боз үйдүн кереге-уугу калчылдап, короодогу мал-жан улуп-уңшуп, табият алай-дүлөй болуп кетчү экен. 

— Бул — касиет. Акылбек, Тыныбек манасчыларга ыроолонгон күч, алардын чеберчилиги. Кандай десем… мисалы, ранг менен алып караганда аларды "генералиссимус" десек туура болот. Мындай деңгээлде жетүү үчүн эмгек керек. Алар деле мындай чеберчиликке дароо келип калган эмес. Манасчылыктын не бир дабандарын ашып отуруп жетишкен. Мындай дулдулдарды мезгил өзү таптап, сынактан өткөрөт.

© "Саякбай манасчы" коомдук фондусуДубайга болгон сапар.
1/2
Дубайга болгон сапар.
© "Саякбай манасчы" коомдук фондусуМанасчылар менен иш учурунда
2/2
Манасчылар менен иш учурунда
1/2
Дубайга болгон сапар.
2/2
Манасчылар менен иш учурунда

— Акыркы жолу качан Манас айттыңыз?

— "Манас эпосунун" күнүнө карата жети күндүк Манас айтуу уюштурулбадыбы, ошондо айттым.

— Манасчылар дайым эле күүлөнүп, Манас айткысы келип турабы?

— Көп учурда ошондой абалда болосуң. Жөндөн жөн туруп, буулугуп, кайнап Манас айткың келип турат.

— Бирок, дайым эле турган жериңен отура калып айтып ийе да албай болушуңар керек?

— Сөзсүз. Өзгөчө шаар жеринде ага мүмкүнчүлүк аз. Кээде атайы шарт түзүп айтканга аракет кылабыз. Кээде шарттын туура келбегенинен аябай кысылып кеткен учурлар болот. Буга жагдай, көр тирилик, анан угармандардын да даяр эместиги себепкер.

— А угарман кандай болушу керек?

— Укканга даяр болушу кажет. Манасты билбеген күндө да, аны угууга дилгир болушу керек. Кээ бирөө бар, келет, отурат телефонун тырмалап. Анын көөнү таптакыр башкада. Даяр аудиторияда манасчы да өзүн жеңил сезет. 

— Көпкө чейин Манас айтпай калсаңар эмне болот?

— Мунун кедергиси көп нерсеге тиет. Ооруйсуң, жасаган ишиңдин акыбети катпайт. Эң негизгиси өзүңө батпай, жан дүйнөң да, дене-боюң да жабыркайт. 

— Буга чейин манасчылар дастанды айтып жатканда транс абалында болуп, окуя айрымдарынын көзүнө көрүнүп турса, кээсинин кулагына угулуп турат деп укчу элек. Сизде да ушундай болобу?

Китептен тартылган Манас баатырдын иллюстрациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Манас бабам менен баарлашканда
— Транс абалына түшкөнүң абдан жакшы. Анда окуяга сүңгүп кирип, ичине аралашып кетесиң. Кайда, ким менен отурганымды, канча убакыт айтканымды билбей-сезбей калам. Бүткөндөн кийин жеңилдеп, ошону менен тоюнуп, дем-күч аласың. Илгери Саякбай атабыздан да ушинтип сураганда, а киши "Кайыптын кандай экенин ким билет" деп жооп бериптир. Чынын айтсам, мен окуяны кантип айтып жатканымды өзүм да түшүнбөйм. Манасчынын, айтуучулук өнөрдүн касиети да, кызыгы да ушунда болсо керек. 

— Транска кирбей калсаңыз эмне болот?

— Эң кыйыны ушул. Кыйналасың, оозуңан чыккан Манасың дагы өз деңгээлинде болбой, өзүңдүн да айтып бүткөндөн кийинки абалың оор болот. Жумалап өзүмө келе албай калган учурлар болгон. 

— Мындай абалга кирүүгө канча убакыт талап кылынат?

— Ар кандай. Кээде 10-15 мүнөттүн ичинде эле кирип кетем. Кээде бир сааттын тегерегинде барып, анан түшөсүң. Кээде сааттап айтып отуруп кире албай каласың. 

— Бул эмнеге байланыштуу болот?

— Биринчи кезекте өзүңдүн дитиңен, даярдыгыңан көз каранды. Канчалык дитиңди койсоң ошончолук жакшы. Экинчиден, угарман да чоң мааниге ээ. Мындан тышкары, биз билбей-туйбай турган күчтөр да бар. 

— Транс абалына кире электе айтып жаткан Манастын сөздөрүн күн мурунтан даярдап аласыңарбы?

Кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөтов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кичинекей манасчы Үмөт: эмне кылсаңар да Манас ата өлбөйт
— Жок, бул ооздогу сөз. Кайсы жерде жүрүп, Манастын кайсы жерин айтарыңды билбейсиң да. Мен өзүм деле таң калам. Мисалы, бир жерге барсаң дастандын сен күтпөгөн, сен ойлобогон жерин сурайт да. Сарыбай менен Семетейдин кармашкан жерин суранышты дейли. Анан отуруп эле баштап кетесиң. Баштагыча кыйын. Башталгандан кийин окуя кирип айта бересиң. Муну төкмөлүк дейин десең, коошпойт. Айтор, мен деле түшүнбөйм, айта албайм.

— Сиз "Манас", "Семетей", "Сейтекти" бирдей аягына чейин айта аласызбы?

— Ооба, айта алам. Башында жарым жылга чейин өзүмө өзүм көп ишене бербей жүрчүмүн. Азыр, Кудайга шүгүр, ким кайсы жерин сураса, ошону айтып берүүгө дарамет бар. Аягына чейин айтуу ниеттеги нерсе, ага өмүр жетер-жетпесин билбейм. 

— Эң узак канча убакыт айттыңыз эле? 

— Башынан баштап Көкөтөйдүн ашына чейинки окуяны 18 саат айткам.

— Буркан-шаркан түшүп айтып жатканда токтотуу туурабы?

— Марага жакындап калган тулпар жыгылып кеткендей эле болот. Токтоткон кишиге билинбегени менен токтогон манасчы аябай кыйналат. Өзүңө келип дем токтотуу кыйла оор. Бир топ убакытка чейин жакшы боло албай, өзүңө батпай кетесиң. Дайым чарчап турган абалга тушугасың. Уйку качат, кыжаалат болосуң.

— Манасты окуп турасызбы же…

— Албетте. Ансыз болбойт да. Азыр Сагымбай Орозбаковдун вариантын окуп жатам. Жеке мен үчүн көп ачылыштар болду, көп жаңылык алдым.

— Акыркы убакта сиздин Манас айтуудагы ыргагыңыз Уркаш атабыздын обонуна окшошуп бара жатканын байкайм. Бул эмнеден болушу мүмкүн?

— Уркаш атанын обонуна атайын деле салганым жок. Байкаган деле эмесмин. Бирок, биринчи жолу ошентип айтканымды диктофондон угуп, өзүмдүн жүрөгүм түшүп калган. Негизи бул ыргак эски манасчылар — Акылбек, Ыбырайым аталарыбызга таандык экен. Атайылап ошентип айтайын деп аракет кылган күндөрүм болгон, бирок окшоштура алган эмесмин. Ушул нерсе азыр өзүмө да түшүнүксүз болуп турат. 

— Манасчыга аян бир эле жолу келеби?

Свякбай Каралаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Манас" эпосу жөнүндө кызыктуу 15 факты
— Манастын жолуна түшүү, ушул дүйнөгө кирүүдөгү карманган бир эле аян болот. Аралашып алгандан кийин кийилерге анчалык маани бербейсиң. Аян сыр, белгилер көп эле болот. Албетте, ошолорго көңүл бөлүп, белгилерге карап жашаганга аракет кылам, бирок турмушта ар кандай кырдаал болот экен, кээде четтеп калууга туура келет.

P.S. Манасчынын кандайча аян алганы тууралуу кийинчерээк кенен сөз кылабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0