Быйыл жети күндүк Манас айтуу иш-чарасы Ошто өтөт

Жазылуу
Өткөн жылы ноябрь айынын соңунда башталып 4-декабрда аяктаган Манас айтуу Бишкек шаарындагы этнокомплекстердин биринде өткөн.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Быйыл жети күндүк Манас айтуу Ош облусунда өтө турганын "Саякбай манасчы" коомдук фондусу билдирди.

Өткөн жылдын аягында "Манас эпосунун" күнүнө карата өткөн Манас айтуу иш-чарасында эстафета Ош облусуна берилген. 

Китептен тартылган Манас баатырдын иллюстрациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Манас бабам менен баарлашканда
Маалыматка ылайык, уюштуруучулар бул жылы атайын программа түзүп, катыша турган манасчылардын санына жараша үчилтиктин окуяларын бөлүүнү чечишкен. Адаттагыдай эле мында манасчыларга убакыт боюнча чек коюлбайт.

Фонд жети күндүк Манас айтуу жай же күз мезгилинде өткөрүү болжолдонуп жатканын белгиледи.

Былтыр ноябрь айынын этеги менен башталган Манас айтуу 4-декабрда аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0