Жыл жыйынтыгы: маданиятыбыз уучубузду кур койгон жок

© Sputnik / Табылды КадырбековМанасчы сахнада манас айтып жатат. Архив
Манасчы сахнада манас айтып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ары-бери караганча минтип жыл аяктап баратат. Жыл сайын жааган карды карап, кымтыланып коюп убакыт учкан куш экенине дагы бир ирет таң калып, кейип-кепчиген боюнча кала беребиз. Адатта дал ушул маалда бир жыл бою жасаган-эткениңди электен өткөрүп, бир сыйра карап чыгат эмеспизби.

Жалпысынан алганда Кыргызстан үчүн коштотуп бараткан жыл жаман болгон жок. Жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, бакубатчылыкта жашаган кыйырлуу кыргыз элинин башы көбөйүп, алты миллионго жеткени эле чоң олжо эмеспи.

Акын Аалы Туткучев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аалы Туткучев: кыргыздарды кордоп ырдаган казак акын катардан чыгып калды
Быйылкы жыл Кыргызстандын маданияты үчүн да бир топ үзүрлүү мезгил болду. "Чү" дегенде эле Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониянын эмгек жамааты чыгынып, 32 жылдан бери биринчи жолу Ош шаарына беш күн бою концерт коюп келди. Жалпы филармония эмес, анда эмгектенгендердин ар бири беш күндөн концерт берүүгө татыктуу таланттар — СССРдин Эл артисти Самара Токтакунова баш болуп, Кыргыз Эл артисттери Нуржамал Табалдиева, Саламат Садыкова өңдүү залкарлардын өнөрү түштүк калаанын тургундарын кайдыгер калтырган жок. Руханий азык алган эл көпкө чейин ыр-күүнүн деми менен шайдоот жүрдү. 

Жайдын толук кезинде касиеттүү Ысык-Көл кылаасында эстрада аткаруучуларынын эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы өттү. Ага катышуу үчүн 40тан ашык мамлекеттен арыз келип, анын ичинен 20 мамлекеттин өкүлдөрү тандалып алынган. Үч күнгө созулган фестивалдын баш байгесин Бахрейндин ырчы кызы алып кетти. Фестивалдын жогорку деңгээлин белгилеп, "Кыргызстандан мындайды күткөн эмеспиз" деген коноктордун пикири оор тийсе да, мамлекетибиз алдыны көздөй бир чоң арыш жасап алганына кубанып эле калдык. Демек, "Мейкин Азия" менен Кыргызстандын кадыр-баркы арта түштү деп ооз толтура эле айтсак болот. 

Берекелүү күздүн башталышы менен борбор калаада Үчүнчү дүйнөлүк эпос фестивалы өтүп, ал 15 мамлекеттен айтуучулар, илимпоздор, кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирди. Борбордук аянттагы Манастын айкелин тегерете тигилген боз үйлөрдөн этношаарча курулуп, бабалар басып өткөн улуу жолго дагы бир ирет саресеп салдык. Манасчы менен дастанчылардын, боз үйлөрдүн сынагы өтүп, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген илимпоздор дагы бир ирет Манас айтуучулуктун касиет-сырын даңазалап, ушундай зор дөөлөтүбүз бар экенине суктанып кетишти. Бул дагы там-туң басып телчигип келе жаткан Кыргызстан үчүн ийгилик. 

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирный фестиваль "Эпосов народов мира" в Бишкеке
III Всемирный фестиваль Эпосов народов мира в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
III Всемирный фестиваль "Эпосов народов мира" в Бишкеке

Октябрдын ортосунда Эл аралык "Арт-Ордо" театр фестивалы өтүп, ага Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Татарстан менен Кыргызстандын бардык дубанынан келген театрлар өз дараметин көрсөттү. Түркүн тилдеги спектаклдер коюлуп, кайсы бир убакта дээрлик унутта калган театрлардын сахнасы менен кайрадан таанышкандай болдук. Мында баш байгени казактар артынып кетти. Эл келсе келип, келбесе сахнага чыкпай калган актерлор да бир силкинип алышты. Анын үстүнө жаз алды менен кыргыз актерлорунун аракети үзүрүн берип, Театр ишмерлер академиясынын "Эргүү" сыйлыгынын ыйгарылышы да буга түрткү болду окшойт. 

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай Бишкекте быйыл бешинчи жолу "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кинофестиваль өттү. Ага биягы КМШ, тиягы Балтика менен Грузиядан келген тасмалар ат салышканына күбө болдук. Фестивалга катышып өнөрүмдү көрсөтөт элем дегендердин саны 300дөн ашканын айтсак, анда бул иш-чаранын да барган сайын абройу көтөрүлүп келе жатканы көрүнүп турат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония закрытия фестиваля "Кыргызстан — страна короткометражных фильмов"
Церемония закрытия фестиваля Кыргызстан — страна короткометражных фильмов - Sputnik Кыргызстан
Церемония закрытия фестиваля "Кыргызстан — страна короткометражных фильмов"

Сөздү улай кеп салсак, негизи Кыргызстанда акыркы маалда кино тармагы бир топ эле өйдөлөгөнү байкалат. Болгондо да бир-эки киши жалгыз камера менен тарта калып, элге салып ийген тасмалар эмес, чет элдик фильмдер менен "тартышып-түртүшүүгө" кадыресе жарамдуу чыгармалар жаралды. "Курманжан даткабыз" акжолтой болуп, Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы бир катар эл аралык кинофестивалдардын баш байгесин багындырып, "Оскарды" оодара жаздап барып токтоду. Мындан тышкары, Марат Сарулунун "Көч", Далмира Тилепбергенованын "Асман алдында", Тынай Ибрагимовдун "Он үчүнчү", Элнура Осмоналиеванын "Сейде", Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" тасмалары эл аралык аренада ат салышып келишти. Кыргыз киносунун багынта турган ийгилиги дагы алдыда дей туралы. 

Быйыл улуу акын Алыкул Осмонов, улуу композитор Жумамүдүн Шералиев менен кезинде Сталинди тургузуп кол чаптырган Мыскал Өмүрканованын 100 жылдыктары бүтүндөй түрк мамлекеттеринде белгиленди. Бир катар иш-чаралар өттү. Мунун шылтоосу менен Алыкулдун айылындагы музейи оңдолуп, Чолпон-Атага эстелиги тургузулду. 

Кечээ жакында эле ЮНЕСКОнун материалдык эмес байлыгынын катарын кыргыз менен казак элинин атынан ак таңдай акындардын "Айтыш" өнөрү катталды. Босогобуздан кылайып баш багып, төрүбүзгө бутун чечпей өтүп бара жаткан ааламдашуунун заманында кыргызга окшогон аз сандуу эл ири державалардын капшабына улуттук баалуулугу менен гана туруштук бере алат окшобойбу. Демек, бул дагы биз үчүн чоң эле жеңиш.

Жыл соңунда, болгондо да бир апта ичинде эле Москвада ырчы балабыз Кайрат Примбердиев башкы сахнада орус жылдыздарынын оозун ачырса, Түркияда Жийдеш Идирисова "Turkvizyon" эл аралык ыр сынагында атаандаштырдан ат чабым озуп биринчиликти багындырды. Баса, элден калбай сулуулар сынактарына катышып, Таттыбүбү Самидин кызы, Таңсулуу Өмүрзакова деген жалжал көз кыздарыбыз кандай болгон күндө да Кыргызстандын атын жок дегенде тааныштырып келишти. Буга да шүгүрчүлүк. 

Биз Кыргызстанда болуп өткөн орчундуу маданий окуяларды гана санап өттүк. Жыл бою филармониянын "оозу" бошобой, мааракелер, оюн-зооктор, концерттер оголе көп болду. Демек, талап бар. Биринен бири өтүп, барган сайын санга эмес, сапатка көңүл бура баштаган өнөрпоздордун элдин көңүлүн алууга аракети күч. Демек, изденүү бар. Изденүү бар жерде сөзсүз ийгилик жаралат. 

Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карай 10 кадам
"Кыбыраган кыр ашат" дейт. Илгери бирөө "мындан жаманымда тойго баргам" дептир. Анын сыңары, алда канча жупуну жашоодо деле жашап келбедик беле. Эмдиги жыл Кыргызстандын демилгеси менен бүтүндөй түрк дүйнөсүндө улуу ойчул Жусуп Баласагындын жылы деп жарыяланды. Кудай деп эгемендигибиздин 25 жылдыгын, Үркүндүн 100 жылдыгын белгилегени турабыз. Айтор, жакшылыктын үмүт отун тартуулап, ага карай умтулткан нерселер арбын экенине топук кылып, маданият үчүн майлуу-сүттүү болгон жылды жакшы маанай менен узатып коелу. 

Эмнеси болсо башыбыз эсен, боорубуз бүтүн болуп, башыбыздан бөркүбүз, көзүбүздөн көркүбүз түшпөй, жаңырып келе жаткан жылды жаркырап тосуп, сагынышып көздөшөлү!!!

Өтүп бара жаткан 2015-жылдын башкы окуяларын Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0