Көлдө "Кыргызфильм" "Ата керээзи" тасмасын тартып жатат

© AFP / MARTIN BUREAU Кинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган тасма адам баласына жакшы жашаган жер мекен болобу же жети атанын сөөгү жаткан жердин топурагы кымбатпы деген суроону көтөрүп чыккан.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кыргыз кино сандыгын толуктай турчу "Ата керээзи" аттуу толук метраждуу тасма тартылып жатканын Кинематографты өнүктүрүү фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган тасма мамлекет тарабынан жарым-жартылай каржылана турган долбоор болуп саналат. Тосор айылында тартылып жаткан фильмдин сценарийин Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу жазып, режиссерлукту да аркалашууда.

Төлөмүш Океев жана актриса Сабира Күмүшалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айтылуу Төлөмүш Океев Түркияда эскерилет
Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы жана "Элфильм" кинокомпаниясы тарабынан тартылып жаткан тасма учурда ааламдын ар кайсы бурчуна тарап кеткен кыргыздардын тагдыры чагылдырылат. 

Америкада жашап жаткан Азат аттуу бала атасынын керээзи менен анын сөөгүн Кыргызстанга алып келет. Карыздарынан кутулуп, туугандары, достору менен жолугуп, жергиликтүү окуялардын күбөсү болот. Улам барган сайын Ата Журттун топурагы кымбат экенин сезип, Америкага кетер-кетпесин билбей арсар ойго батат.

Мамлекет тарабынан жарым-жартылай каржыланып тартылган тасмалардын катарына режиссер Таалай Кулмендеевдин "Мунабия" фильми кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0